19.09.2018 13:50

ИИМ: Жеке ишкерлерден акчалай жардам сураган милиция кызматкерлери жоопко тартылат

ИИМ: Жеке ишкерлерден акчалай жардам сураган милиция кызматкерлери жоопко тартылат

100 жылдык мааракени белгилөө үчүн жеке ишкерлерден акчалай жардам сурап, кат жөнөткөн кызматкерлер жоопко тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Буга чейин, ИИМдин криминалдык милициясынын 100 жылдыгын белгилөөгө кызматкерлер жеке ишкерлерге расмий кат жөнөтүп, жардам сурап жатат деген маалымат тараган.

«Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалды. Эгерде кандайдыр бир марафон уюштурулуп же ишкерлер өз ыктыяры менен жардам берсе, анда ал мыйзамдуу эле. Бирок расмий кат жолдоп же жардам көрсөтүүгө мажбурлоо бул мыйзамсыз», - деди Сейитов.

Ошондой эле эгерде кызматкерлердин расмий кат жолдогону далилденсе, аларга тийиштүү чаралар көрүлө турганы маалым болду.

Айта кетсек, 2018-жылы ИИМдин криминалдык милициясы 100 жылдыгын белгилейт. Аталган орган 1918-жылы 5-октябрда түзүлгөн.